Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын экс-директору кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан аймакта Чоң Чүй каналынын боюндагы суу коргоо аймактарынын жерлерин жеке жактарга жана курулуш уюмдарына мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуу менен Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы каналдардын жээгиндеги жер тилкелерин жеке адамдардын пайдасына мыйзамсыз беришип, өлкөнүн суу фондусунун бул максаттарга каралбаган жерлеринде көп батирлүү турак үйлөрдү жана башка курулуштарды курууга алып келгендиги аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында,Чүй башкы бассейндик суу чарба башкармалыгынын мурдагы директору Д.Р.Ж. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты