Цензурага жол берилбесин! “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюму кайрылуу жасады

  • 1 год мурун

“Бир дүйнө – Кыргызстан укук коргоо кыймылы» коомдук бирикмеси маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Министрлер кабинетине, Жогорку Кеңешке кайрылуу жасап, адам укугун чектеген укуктук актылардын Конституциялык эмес жоболорун алып салууну талап кылды.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

-Конституциянын 10-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт деп жазылып турат. Ал эми 63-берененин 1-бөлүгүндө жалпыга маалымдоо каражаттарын, сөз эркиндигине чектеген мыйзамдарды кабыл алууга жол берилбеси жазылган.

Бирок бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын өкмөтү бекиткен “Аудиовизуалдык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылыктын башка тыюу салынган түрүнө киргизүү тартиби” тууралуу жобосу иштеп жатат. Бул жобого ылайык, ар бир чыгармачыл адамды фестивалдарда, семинарларда жана башка иш-чараларда  көрсөтүлө турган аудиовизуалдык тасманы көрсөтүүдө жана прокатка чыгаруула “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунан мамлекеттик күбөлүк алуу керек болот. Бул — чыгармачылык ишмердикке болгон цензура фактысы.  

Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын киноматографиясын мамлекеттик колдоо тууралуу” мыйзамынын 5-беренесинде “Аудиовизуалдык чыгарма жараткан чыгармачыл адамдар өзүнүн жеке  киноматографиялык идеяларын, ойлорун кандай формада, тилде болбосун берүүгө, чет өлкөлүк адам жана юридикалык жактар  менен биргелешип коюуга, кайра коюуга укугу бар. Кыргызстанда цензурага жол берилбейт деп ушул ушул мыйзамдын  2-абзацында жазылып турат. Бирок андан ары «айрым учурларда жол берилет» деген Конституциялык эмес норма жазылып калган.

Ошондуктан “Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук бирикмеси бул Конституциялык эмес нормалар алынып салынышы керек деп эсептейт, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, Министрлер кабинетине, Жогорку Кеңешке кайрылуу жасап, адам укугун чектеген укуктук актылардын Конституциялык эмес жоболорун алып салууну талап кылат.     

Сүрөт: Интернет булактарынан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты