Быйыл Улуу Британияга Кыргызстандан эки миң жумушчу жөнөтүлөт

  • 1 год мурун

Улуу Британияга Кыргызстандан өкмөт аркылуу быйыл да жумушчулар жөнөтүлөт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, тиешелүү келишимге 30-январда Бишкекте мекеме менен Улуу Британиянын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү кол койду. Ага ылайык, быйылкы жыл ичинде 2 миң кыргыз жараны Улуу Британияда айыл чарбасында иштеп келе алат.

Ар бир жумушчу менен келишим алты айга чейинки мөөнөткө түзүлөт, маянасы саатына 10 фунт стерлинг болот.

Каалоочуларды тандоо иштери Бишкекте жана Ошто жүрүп жатат.

2022-жылы кыргыз өкмөтү Улуу Британиянын «Агро HR» компаниясы менен келишим түзүп, 1,5 миң жаранын жөнөткөн.

Бүгүнкү күндө мындай келишимдер расмий түрдө Корея Республикасы жана Перс булуңундагы өлкөлөр менен түзүлүп жатканы маалымдалды.

Жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны бүгүнкү күндө чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт, алардын көбү — Орусияда.

Сүрөт: Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты