БУУнун комиссары 2025-жылы өлүм жазасы болбош керектигин билдирди
- 10 месяцев мурун
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жогорку комиссары Фолкер Түрк 2025-жылы өлүм жазасы болбош керектигин билдирди.
Бул тууралуу БУУнун жогорку комиссары Адам укуктары боюнча кеңешинин 26-сентябрдагы жыйынында билдирген.
Анын айткандарын БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча кеңсеси кечээ, 2-октябрда, эске салды.
БУУНун жогорку комиссары бардык өкмөттөр өлүм жазасына расмий мораторий жарыялап, өкүм кылынгандардын жазасын жеңилдетүүнү, мындай жазаны сөзсүз эле колдонуу тартибин жоюуну, бул жазага кириптер боло турган кылмыштардын тизмесин азайтууну, акырында өлүм жазасын таптакыр жоюуну сунуштады.
Өлүм жазасын берүү кылмыштуулукту азайтууга бөгөт кое албаганын далилдеди. Коомчулукту өлүм жазасын киргизүү менен коргооого алууга ниеттенбей, күчтүү институттар жана отчеттуулук менен коргоого алуу жолуна түшүү керек.
Бириккен Улуттар Уюму 2025-жылы өлүм жазасы болбош керектигин бир нече жолу белгилеп келген. Өлүм жазасы адамдын беделине доо кетирип, коомго катаал мамиле менен сот адилеттүүлүгү системасына залал келтирет.
Гумандуу, адам укуктарына негизделген сот адилеттиги чыныгы сот адилеттигин камсыздай турганы белгиленет.
Президент Садыр Жапаров балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.
“Киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун ишинин тергелиши президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. Ошол эле учурда, мамлекет башчы президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү” деп жазды Алакөзов.
Сүрөттө: БУУнун комиссары Фолкер Түрк




