БУУнун Башкы ассамблеясы кайрадан Украинадагы согушту токтотууну талап кылды

  • 2 года мурун

БУУнун Башкы ассамблеясы кайрадан Украинадагы согушту токтотууну талап кылды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Украинанын жай тургундарын жана жарандык инфраструктурасын коргоо, ошондой эле бул өлкөдөгү согушту тез арада токтотуу талабы жазылган резолюция кабыл алды.

Башкы ассамблея 24-мартта кабыл алган бул документ сунуш берүү мүнөзүнө ээ. Ал милдеттүү түрдө аткарылышы керек деген юридикалык күчкө ээ эмес.

Резолюцияны уюмга мүчө 193 өлкөнүн 140ы колдосо, Сирия, Беларус, Түндүк Корея, Эритрея жана Орусия каршы добуш беришти. Дагы 38 өлкө калыс позицияда экенин билдирди.

Резолюцияда Орусиянын Украинадагы душмандык аракеттерин, анын ичинде жай адамдарга каршы чабуулдарды тез арада токтотуу талабы, ошондой эле «үрөй учурган» гуманитардык абалды түзгөнү үчүн Орусияны айыптаган сын-пикирлер жазылган. Документте мындан тышкары жөнөкөй тургундарды, медиктерди, гуманитардык уюмдардын кызматкерлерин жана журналисттерди коргоо зарылдыгы да белгиленген.

Март айынын башында кабыл алынган резолюцияда да Орусияны Украинадагы согушту токтотуу чакырыгы жазылган.  Анда документти 141 өлкө колдоп, Сирия, Беларус, Түндүк Корея, Эритрея жана Орусия каршы болгон.

Украина менен Батыш өлкөлөрү Орусияны Украинадагы жай тургундарга, ошондой эле оорукана жана адамдар баш калкалап турган жайлар өңдүү объектилерге ылгабастан чабуул жасоого айыптап жатышат. Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты