БУУнун баш катчысына белекке комуз берилди

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерришке кыргыздын улуттук аспабы — комузду белек кылды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июлда Садыр Жапаров менен Антониу Гутерриш Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборуна барышкан.

Анда Садыр Жапаров баш катчыга комуз түрүндөгү пирстин үстүндө эстеликке комузду тартуу кылган. “Конокторго опера ырчыларынын катышуусундагы концерттик программа, ошондой эле балет спектакли тартууланды” деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты