Чек арада кагылышууда жаракат алган чек арачыга батир берилди

  • 6 месяцев мурун

Бүгүн, 19-октябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда жаракат алган чек ара кызматкери Таирбек Инхамовго Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батир белек кылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

УКМК төрагасы Таирбек Инхамовдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирди жана өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи. Согуштук аракеттерге катышкан баатырлардын эмгегин мамлекет эч качан унутпай турганын кошумчалады.

2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда, Таирбек Инхамов минометтун жарылуусунан жаракат алып, эки бутунан катуу жаракат алып, колун ок тешип өткөн, ошондой эле сол көзүнөн ажыраган. Инхамов ата-энеси менен жашайт.

Чек арада кагылышууда жаракат алган чек арачыга батир берилди
Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты