Бустон шаарында Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолугушту

  • 2 месяца мурун

Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат берилди.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча маселелерди талкуулашты. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна кыргыз-тажик мамлекеттик чек арадагы калган тилкелерди аныктоо тапшырмаларын беришти.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты