БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна добуш сатып алуу боюнча эки кайрылуу түштү

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна шайлоо башталгандан бери 17 кайрылуу түштү. Бул тууралуу аталган топтун жетекчиси Тынчтык Шайназаров маалымат жыйынында билдирди.

“Добуш сатып алуу боюнча эки, үгүт иштериндеги эреже бузуу боюнча беш, шайлоочуларды ташуу жана шайлоо эрежелерин бузуу боюнча бирден кайрылуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө карата үч арыз, автоматтык эсептөө урналарындагы көйгөй боюнча беш кайрылуу түшкөн. Аймактар боюнча: Бишкектен бир, Баткенден үч, Жалал-Абаддан бир, Ысык-Көлдөн бир, Ош облусунан эки, Чүй облусунан тогуз кайрылуу келген”, — деп билдирди Шайназаров.

Мындан тышкары ал түшкөн кайрылуулар ИИМге жиберилген, ал жактан тиешелүү юридикалык баа берилерин кошумчалады.

Бүгүн, 28-ноябрда өтүп жаткан парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54тү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты