БШКнын алдында Равшан Жээнбековду шайлоого катыштыруу талабы менен акция өттү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 19-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында абактагы саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Жээнбековду шайлоого катыштыруу талабы менен акция өттү. Аны жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров уюштурду.

“Азыр деле кеч эмес, 8-9 күндүн аралыгы калды. Ал шайлоочулар менен таанышып, программасын элге тааныштыруусу үчүн мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек, эгер Боршайком акыйкаттуулукту, принциптүүлүктү тута турган болсо”, — деп билдирди активист.

27-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Жээнбековду №26 Ленин шайлоо округунан талапкер катары каттаган. Бирок ал үгүт жүргүзүү үчүн абактан бошотула элек.

Равшан Жээнбеков 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча шектелип, камакка алынган. Ага карата “Альфа” атайын отрядынын кызматкерлерин барымтага алуу, жапырт баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алуу беренелери боюнча кылмыш иши ачылган. Ал өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп атап келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты