Талапкер Бактыбек Райымкуловдун үстүнөн БШКга арыз түштү  

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер болуп катталган Бактыбек Райымкуловдун үстүнөн арыз түштү.

Маалыматта айтылгандай, 24-октябрда Чүй облусунун Сокулук районунун Белек айылынын ат майданында “Көк-Бөрү” оюну оюну болуп, анда 9 команда ойногон. Иш-чарада Жайыл шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Бактыбек Райымкулов сөз сүйлөп, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырган жана өзүнүн атынан оюнду уюштуруучулардын бирине тай тартуулагандыгы маалым болгон.    

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

БШК бул маалыматты ИИМге өткөрүп берген.

Бактыбек Райымкулов бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп катталган.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Видео: БШКнын арыздар жана даттануулар реестринен.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты