БШК шайлоону техникалык камсыздоо боюнча даярдык көрүп жатканын билдирди
- 10 месяцев мурун
Шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоочуларды реалдуу убакыт тартибинде онлайн-идентификациялоо системасын ишке киргизүүдө. Бул жарандарга учурда жашап жаткан жеринен добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берет, ал эми шайлоо бюллетени алардын каттоо дареги аркылуу тастыкталган шайлоо округу боюнча басып чыгарылат
Бул тууралуу БШК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, БШК идентификациялоо системасын, шайлоо жабдууларынын бардык түрлөрүн жана башка маалыматтык ресурстарды модернизациялоо иштерин жүргүзүүдө.
БШКнын системдик администраторлору шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды, шайлоо участкаларынын чек аралары боюнча картографиялык маалыматтарды актуалдаштырып, тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларындагы компьютердик жана перифериялык жабдуулардын сакталышын камсыздоодо.
2025-жылдын август айында жана сентябрь айынын башында БШКы онлайн-идентификация системасын жана жаңыланган шайлоо жабдууларын тестирлөө, аларды колдонууну үйрөтүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүздү.
Бишкек жана Чүй облусунда 200 участкалык шайлоо комиссиясынын катышуусу менен тестирлөө уюштурулду. Системаны тестирлөөнүн жүрүшүндө 4 687 адам онлайн-идентификациядан өттү.
БШКнын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаровдун маалыматына караганда, БШК шайлоо өнөктүгүн өткөрүүнү жаңы шайлоо мыйзамына ылайыкташтырып жатат.Эгер парламент саясий чечим кабыл алса, шайлоо өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар.
“Жогорку Кеңештин Конституциялык мөөнөтү 2026-жылдын ноябры, шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү чечимин Жогорку Кеңеш гана кабыл алат. Ал эми шайлоону өткөрүүгө даярдык тууралуу айта турган болсок, жаңы мыйзамдын кабыл алынганына үч ай болду, оперативдүү иштеп жатабыз. Эгер парламент, саясий чечим кабыл алса, ар дайым шайлоого даяр болушубуз керек” деди Шайназаров.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат. Бул тууралуу президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылат.
Мыйзам 2025-жылдын 16-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




