БШК шайлоочулардын биротоло тизмесин эртең шайлоо тилкелерине илет

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биротоло тизмеси 18-ноябрда түзүлүп, шайлоочулардын “Тизме” порталына жайгаштырылды. 21-ноябрда шайлоочулардын биротоло тизмеси бардык шайлоо участокторуна илинет.

Бул тууралуу БШКнын маалыматтык бөлүмү билдирди.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча биротоло тизмедеги шайлоочулардын саны – 3 703 420 шайлоочу, алардын ичинен чет өлкөдө катталган шайлоочулардын саны 84 128 шайлоочу. 

9-сентябрда сайтка жайгаштырылган бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги шайлоочулардын санына (3 686 921) салыштырганда 16 499 шайлоочуга өстү.

Бир мандаттуу округдардагы шайлоочулардын саны — 3 621 751 шайлоочу (чет өлкөлөрдө катталган шайлоочулардын санын эсепке албаганда).

9-сентябрда сайтка жайгаштырылган Жогорку Кеңеш депутаттарын бир мандаттуу округдардагы шайлоодо шайлоочулардын алдын ала тизмесиндеги шайлоочулардын санына (3 617 591) салыштырганда 1 701 шайлоочуга өстү.

Өзүңүздүн тизмеге киргениңизди текшериңиз

БШК шайлоочулар өздөрүнүн шайлоочулардын тизмесине киргендиги, тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясынын номери жана дареги тууралуу маалыматты төмөнкү жолдор менен тактап алса болорун эске салды.

-1255 же 119 номерине телефон чалуу менен;

-«tizme.gov.kg» сайтында;

-паспортуңуздагы идентификациялык жеке номерди (ПИН) көрсөтүү менен 119 номерине СМС жөнөтүп,  шайлоо участогуңуздун номери жана дареги тууралуу жооп аласыз (СМС билдирүү жөнөтүү жана чалуулар акысыз).

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты