БШК: Шайлоо тилкелеринен тышкары добуш берүүгө 12 миңден ашык шайлоочу катышты

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодогу көчмө добуш берүүгө бирдиктүү шайлоо округунан 12 137 адам катышты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

“Участкадан тышкары партияларды шайлоого катышуу үчүн жалпы 13 миң 481 арыз түшкөн. Анын ичинен 12 миң 137 жаран тандоосун жасады. Ал эми бир мандаттуу округдар боюнча жалпы 13 миң 2 арыз келип, анын ичинен 11 миң 612 адам шайлоого катышты».

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты