БШК шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти
- 10 месяцев мурун
1-октябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү максатында көп мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитти.
Бул тууралуу БШК билдирди.
2025-жылдын 1-октябрына карата маалымат боюнча, өлкөдө жалпысынан 4 миллион 287 миң шайлоочу катталган. Бул көрсөткүчкө ылайык, республика 30 көп мандаттуу шайлоо округуна бөлүнгөн, алардын ар биринде орточо эсеп менен 142 900 шайлоочу катталган.
Мыйзамдык нормаларга ылайык, ар бир округдагы шайлоочулардын саны орточо көрсөткүчтөн ±20%га чейин өзгөрүүлөр орун алган. Бул норма өлкөнүн географиялык жана административдик өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен шайлоо округдарын адилеттүү жана тең салмактуу түзүүгө мүмкүндүк берет.
Шайлоо округдарынын толук тизмеси жана чектери төмөндө тиркелген.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




