БШК шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн жүргүзүүнүн эрежелерин эскертти

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн жүргүзүүнүн эрежелери тууралуу эскертти.

Ага ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ар бир шайлоо участкасында үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн атайын орундарды бөлүп берүүгө жана жабдууга милдеттүү. Ошондой эле бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп бериши керек.

Шайлоо өнөктүгү учурунда массалык маалымат каражаттарынын эркиндигинен кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбейт.

Улуттук, этникалык, расалык, диний, гендердик жана башка социалдык өзгөчөлүктөрүнө карап дискриминациялоого, региондор аралык кастыкты козуткан, касташууга чакырган пропагандага тыюу салынат.

Бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана мамлекеттин бүтүндүгүн бузууга чакырууга болбойт.

Согушту пропагандалоо мыйзам бузууга жатат.

Башка өлкөлөрдүн мамлекеттик жана саясий ишмерлери менен массалык иш-чараларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга уруксат берилбейт. Аны менен катар алардын сүрөттөрүн пайдалануу менен фото жана видеоматериалдарды колдонууга тыюу салынат.

Эгер шайлоо мыйзамдарынын бузулганын байкасаңыз, төмөнкү ишеним телефонуна кабарлаңыз:

  • 1255;
  • 0(312) 660240;
  • W/A 0755 00 29 65;
  • (0312) 62 63 24;
  • (0312) 66 02 40.

Парламенттик шайлоонун үгүт өнөктүгү кечээ, 29-октябрда башталды. Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланат. Шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Бул ирет парламенттик шайлоо преференциялуу жана мажоритардык болуп аралаш система менен өтүп жатат. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланып келет. БШК 21 партияны, бир мандаттуу округдан 321 жаранды талапкер катары каттады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты