БШК Нарын шаардык кеңешинин жаңы мэрди шайлоо тууралуу чечимин жокко чыгарды

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Нарын шаардык кеңешинин 22-октябрдагы жаңы мэрди шайлоо жөнүндөгү чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Автандил Молдосалиев билдирди.

“Шайлоону БШК өткөрөт. Бирок биз жаңы мэрди шайлоонун алдында алардан “мыйзамга кол коюлду, кандай болот?” деп сураганда алар “шайлоо өтө берет, анткени бул иш-чара мурда бекип калган” дешти. Ошентип шайлоону Аймактык шайлоо комиссиясы өткөргөн”, — деди Молдосалиев.

Нарын шаардык кеңеши 22-октябрда калаага жаңы жетекчи дайындоо маселесин карап, жаңы мэр катары Арслан Сталбек уулун бекиткен. Нарын шаарынын мэрлигине эки киши талапкерлигин коюп, Арслан Сталбек уулу 16 добушка, экинчи талапкер Эмилбек Чымылдаков 14 депутаттын добушуна ээ болгон. Бир депутат экөөнө тең каршы добуш берген. Шаардык кеңеште жалпы 31 депутат бар.

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, облустук жана райондук деңгээлдеги шаарлардын мэрлерин жана райондордун акимдерин президент дайындай турган болгон. Ал эми акимдер айыл округдардын башчыларын бекитет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты