БШК: Мыйзам бузуулар боюнча үч саатта 106 арыз түштү

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет көрүү тобуна эрте мененки саат 11ге чейин мыйзам бузуулар боюнча жалпы 106 арыз түшкөн. Бул тууралуу БШК төрайымынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров басма сөз жыйынында билдирди.

Шайназаровдун айтымында, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо бул маалга карата 400дөн ашуун мыйзам бузуу катталган.

«Бир жыл мурдагы эсепке салыштырмалуу быйыл мыйзам бузуулар 4,5 эсеге аз катталууда. Жалпы кайрылган 106 арызды мүнөздөп өтсөк, 54ү шайлоочулардын добушун сатып алуу, сегизи үгүт иштерининин шарттарын бузуу, 37си административдик ресурсту колдонуу, үчөө шайлоо фондунан тышкары каражаттары пайдалануу боюнча. Төртөө ар кандай өңүттөгү мыйзам бузууларга байланыштуу».

Тынчтык Шайназаров кайрылуулардын негизинде козголгон жети кылмыш иши соттук кароого жиберилгенин, 17 кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүрүп жатканын айтты. Андан тышкары БШК тарабынан 20 талапкерге кат жүзүндө эскертүү берилген. Ошондой эле 35 талапкерге жана алардын тарапташтарына айып пул салынган. Анын суммасы 292 миң сомго жетет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты