БШК дагы эл аралык 167  байкоочуну каттады   

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин алдыдагы шайлоосуна дагы эл аралык 167 байкоочуну каттады.

Бул тууралуу БШК маалыматтык бөлүмү билдирди.

13-ноябрга карата жалпысынан 41 мамлекеттен эл аралык 276 байкоочу катталды. Байкоочулар Молдова, Түркия, Беларусь, Грузия, Азербайжан, Румыния, Латвия, Россия, Литва, Казакстандан бар. Ошондой эле эл аралык уюмдардан, чет өлкөлүк элчилик өкүлдөрүнөн катталган.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты