БШК бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендер формасын жана текстин бекитти

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2-ноябрдагы жыйынында Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайлоо бюллетендеринин формасын жана текстин бекитти.

Бул тууралуу БШКнын маалымат бөлүмү билдирди.   

Аталган чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеӊеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 30-беренесине, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»  конституциялык мыйзамына ылайык кабыл алынды.  

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Бир мандаттуу округдардан 312 талапкер ат салышууда.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 21 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты