Жолду тейлөө кызматкерлери мамлекетке 4 млн сомго жакын зыян келтиришкен

  • 3 года мурун

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык прокуратурасы тарабынан Бишкек-Ош автомобиль жолунун мамлекеттик дирекциясынын №30 жол-тейлөө мекемесин текшерүүнүн жүрүшүндө, мекеменин мурдагы жетекчилиги тарабынан 2020-жыл ичинде мамлекетке жалпысынан 3 932 769 сом зыян келтирилгендиги аныкталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.   

Тактап айтканда, жолду тейлөө максатында тендер аркылуу сатылып алынган 114 тонна битум, 150 даана жол белгилери жана башка баалуу материалдар иш жүзүндө жок болуп чыккан.

Бул факты боюнча көзөмөл органы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты