Бостериде катуу жол кырсыгы: Бир киши каза таап, үчөө ооруканага түштү
- 4 месяца мурун
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында катталган жол кырсыгынан улам бир адам каза таап, үчөө ооруканага жаткырылды.
Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымат боюнча, жол кырсыгы 2-июлда таңга маал болгон. Mercedes-Benz жана Kia K7 үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышып, Mercedes-Benz жүргүнчүсү ошол жерже каза болгон. Ал эми анын айдоочусу менен Kia K7 автоунаасындагы эки адам облустук ооруканага ар кандай жаракаттар менен жеткирилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү