Борбордун «Орто-Сай» базары тарабында ротордук унаа токтотуучу жай ишке кирди

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарындагы «Орто-Сай» базарынын аймагында жайгашкан биринчи ротордук унаа токтотуучу жай пайдаланууга берилди.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, инновациялык чечим шаардын аймагын натыйжалуу пайдаланууга жана тыгыз курулуш шартында унаа токтотуучу жайлардын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Ротордук унаа токтотуучу жай 10 унаага ылайыкталган. Унаа токтотуунун баасы биринчи саатына 25 сом, андан кийинки ар бир саатына өзүнчө 25 сомдон алынат.

Төлөм QR-код аркылуу жүргүзүлөт, андан кийин айдоочу операторго чекти көрсөтүп, унаасын токтотуучу жайдан чыгаруу үчүн кайрылат.

Мэриянын маалыматы боюнча, ротордук унаа токтотуучу жайды орнотуу — бул шаардын инфратүзүмүн модернизациялоого жана Бишкектин борбордук райондорунда унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздигин чечүүгө карай жасалган кадам. Эгер долбоор ийгиликтүү ишке ашса, мындай унаа токтотуучу жайларды борбордун башка жерлерине да орнотууга болот.

Борбордун "Орто-Сай" базары тарабында ротордук унаа токтотуучу жай ишке кирди
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты