Борбордун 7-кичирайонундагы жылуулук тармагындагы бузулуу ыкчам түрдө жоюлду    

  • 1 месяц мурун

Жылытуу системасын туташтыруу учурунда 7-кичирайондогу «Глобус» дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайында пайда болгон жылуулук тармагындагы бузулуу саат 05:00дө ыкчам түрдө жоюлду.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын адистери турак үйлөрдүн жер төлөсүндө жайгашкан элеватордук түйүндөрдү туташтыруу иштерин жүргүзүп жатышат.

Бардык абоненттер жакынкы сааттарда жылуулук менен камсыздалат.

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы борбор шаардын тургундарын жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы белгиленди.

Сүрөт: bishkek.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты