Борбор шаардын Шүкүров көчөсүндөгү көпүрө пайдаланууга берилди
- 3 месяца мурун
Бишкекте Шүкүров (мурунку Кропоткин) жана Медеров көчөлөрүн бириктирген көпүрө ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады.
“Үч айдын ичинде бул жерде шаар тургундары көптөн күткөн заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу объект курулду. Эми бул багыттагы кыймыл түз жана ыңгайлуу болуп, шаардын транспорттук байланышын жакшыртат” деп айтылат маалыматта.
Ал жерде узундугу 14 метр болгон устундар орнотулду, эки катмар асфальт төшөлдү, жол сызыктары жана керектүү белгилер коюлду. Көпүрөнүн жүрүү бөлүгү эки тилкелүү, туурасы 10 метрди түзөт. Эки тарабына тең жөө кишилер үчүн туурасы 2,25 метр болгон тротуарлар жасалды. Түнкү коопсуздук үчүн беш даана чырак мамысы орнотулду. Көпүрөнүн жалпы узундугу 17 метр, туурасы 9 метр. Курулуш иштери ушул жылдын июль айында башталган.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, жакынкы үйлөрдүн тургундары жана башка коноктор катышты.
Сүрөт: bishkek.gov.kg




