Борбор шаардын Курманжан Датка көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат
- 7 месяцев мурун
19-июндан тартып, Бишкек шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнүн реабилитация иштерине байланыштуу Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Жол куруу жана оңдоо иштери түзүлгөн келишимге ылайык, 20-августта аякташы күтүлүүдө.
Бишкек шаарынын мэриясы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат жана тыгындардан качуу үчүн алдын ала пландап, коомдук транспортту пайдаланууга кеңеш берет.
Коомдук транспорттун жүрүү схемаларындагы өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




