Борбор шаардын Чүй проспектисинин бир бөлүгү эртең убактылуу жабылат
- 10 месяцев мурун
Бишкек шаарында эртең, 17-октябрда, саат 18:00дөн 18-октябрдын саат 05:00үнө чейин транспорт каражаттарынын кыймылы үчүн Чүй проспектисинин Павлов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
“Убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен карап, жолуңарды алдын ала пландап алууну өтүнөбүз” деп эскертти мэрия.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




