Борбор шаардын айрым конуштарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 2 месяца мурун
17-майда саат 9:00 – 20:00 чейин Бишкекте турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Өчүрүү району: — Садовый көчөсү. – Шабдан Баатыр проспекти – Валиханов көчөсү – темир жол тилкеси менен чектешет;
— 7- апрель – Ауэзов – Исакеев –Валиханов көчөлөрү менен чектешет.
Ичүүчү суу «ВПУ» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан