Борбор шаарда “Жол” чолок көчөсүнүн жолун капиталдык оңдоо иштери аяктады
- 7 месяцев мурун
«Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасы Ананьев көчөсүнөн Васильев көчөсүнө чейинки жол тилкесинин капиталдык оңдоо иштерин аяктады.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, өткөн дем алыш күндөрү жаңы асфальт төшөө иштери жыйынтыкталды.
Транспорттук инфраструктураны жакшыртуу жана жашоочулардын коопсуз жүрүүсүн камсыздоо максатында иштер пландуу тартипте жүргүзүлдү.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




