Борбор шаарда жатаканадагы өрттөн чет өлкөлүк жаран каза тапты. 38 киши эвакуацияланды
- 4 недели мурун
- Видео
Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан үч кабаттуу жатаканадан өрт чыгып, кырсык болгон жерде чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен саат 10:20да өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө унаа жана штаб тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрт болгон жерде 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жарандын сөөгү табылган. Тилсиз жоодон жалпы 38 адам эвакуацияланды.
Өрттүн аянты болжол менен 20 чарчы метрди түздү.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




