Борбор шаарда жаңы автобус каттамы киргизилет
- 2 месяца мурун
Бишкек шаарында эртең, 3-марттан тартып, жаңы №62 маршруттук каттам ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Эми Киркомстром конушунан “Аламүдүн-1” кичи районуна чейин экологиялык жактан таза электробустар тейлейт.
Каттамдын кыймыл багыты Барпы Алыкулов көчөсү, Лев Толстой көчөсү жана Ауэзов көчөсү аркылуу өтөт.
№35, №45, №61 жана №51 каттамдар дагы бул багытта өзгөртүлгөн.
Каттамдардын кыймыл-чиймелери этап-этабы менен өзгөртүлөөрүн билдиребиз. Бул чаралар шаар борборундагы жол тыгындарын азайтуу максатында жүргүзүлүүдө.
Мэрия алдыда дээрлик бардык каттамдардын кыймыл багыттары өзгөртүлөрүн жана альтернативдүү көчөлөр пайдаланылаарын кабарлады.

Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




