Борбор шаарда жүргүнчүлөрдү электробустар тейлей баштайт
- 2 месяца мурун
25-сентябрдан тартып борбор шаарда жаңы электробустар жүргүнчүлөрдү тейлей баштайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Алгачкы этапта №4, №10, №11 каттамдарда электробустар каттайт. Ал эми №14, №66 жана №33 каттамдарга электробустарды чыгаруу кийинки жумада пландаштырылууда.
№66 жана №33 каттамдары жаңыдан киргизилген багыттар, ал эми 11-номурдагы каттам мурдагы троллейбустун кыймыл чиймеси жаңыртылып, эми заманбап электробустар менен тейленет.
2025-жылдын башында Кытайдан 120 электробус алып келинип, мурдагы троллейбус башкармалыгынын ордуна ДЕПО-1 жана ДЕПО-2 толук реконструкцияланып, электробустарды тейлөөгө ыңгайлаштырылган.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




