Борбор шаарда «Салам, Баку» кафеси демонтаждалууда
- 10 месяцев мурун
Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы Анкара жана Валиханов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Салам, Баку» кафесин демонтаждоону баштады.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган объект 525 чарчы метр аянттагы жер тилкесинде жайгашкан. Жерди пайдалануу мөөнөтү аяктап, комиссия аны узартуудан баш тарткан, анткени объект суу коргоо зонасында турат.
Мындан тышкары жанында жайгашкан сезондук аянтча уюштуруу үчүн берилген 2295 чарчы метр жер тилкеси да бузулат.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




