Борбор шаарда эки көчөнүн айрым бөлүктөрү убактылуу эки тараптуу болот

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарында 22-августтан баштап, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн айрым тилкелери убактылуу эки тараптуу болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маадыматта айтылгандай, Киев көчөсү Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта жана Токтогул көчөсү Эркиндик бульварынан Ибраимов көчөсүнө чейинки аралыкта эки тараптуу болуп уюштурулат.

Бул чечим Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөсүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу жол тыгындарын азайтуу максатында кабыл алынды.

Мындан тышкары аталган көчөлөрдүн эки тарабына унаа токтотууга тыюу салган белгилер орнотулат.

Бишкек мэриясы жогоруда аталган аймактарда автоунаа токтотроону суранабыз. Эгерде жол белгилерине баш ийбеген учурлар катталса, автоунаалар эвакуатор аркылуу алынып кетерин билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты