Борбор калаада «Айкөл Манас» айкелинин ачылышы өттү

  • 11 месяцев мурун

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында жайгашкан «Айкөл Манас» айкели жана постаменти реконструкциялангандан кийин ачылды.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, калаа мэри Айбек Жунушалиев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, скульптор, «Айкөл Манас» эстелигинин автору Тамила Маматова жана башкалар катышты.

Эстеликтин жаңыланган постаменти кар баскан кыргыз таштарын элестетет. Ал 15 градус бурчта жасалып, ак мрамор менен капталган, бул айланадагы архитектуралык чөйрө менен шайкештик түзүп, шаардык чөйрөгө жаңы эстетикалык тереңдик тартуулайт. Манастын айкели жаратылыштын символдору – ак илбирс жана рельефте тартылган бүркүт менен коштолгон.

Айкелдин бийиктиги постамент менен бирге 33 метрди түзөт, бул эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына арналган.

Скульптура коло эритмесинен, ал эми постамент бетондон, металл конструкциялардан жана мрамордон жасалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты