Борбор Азия мамлекеттери жана Кытай  онлайн саммити өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-январда, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбор Азиянын жана Кытай мамлекет башчыларынын жолугушуусу онлайн режиминде өттү.

“Борбор Азия мамлекеттери – Кытай” онлайн саммити Кытай тараптын демилгеси менен өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон, ошондой эле КЭР Төрагасы Си Цзиньпин катышты.

Президент Садыр Жапаров бир катар биргелешкен долбоорлорду мындан ары ийгиликтүү ишке ашыруу экономикалык өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө, аймактагы инфраструктураны жана маданий өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга жардам берерин белгиледи.

Онлайн-саммиттин жыйынтыгында Борбордук Азиянын жана Кытайдын мамлекет башчылары дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

Сүрөт: КР Президентинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты