Борбор Азия өлкөлөрү менен Индиянын кызматташтыгы талкууланды
- 1 месяц мурун
2025-жылдын 6-июнунда Индияда өткөн “Борбордук Азия – Индия” форматындагы министрлер жыйынынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен болгон жолугушууга катышты.
Министр Кулубаев Премьер-министр Модиге Президент Садыр Жапаровдун саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди. Ал жыйындын алкагында жашыл технологиялар, санариптештирүү жана каржылык кызматташтык боюнча маселелер талкууланганын белгиледи.
Нарендра Моди Индия менен Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин билдирип, көп тараптуу кызматташууну улантууга чакырды.
Жолугушууда тараптар “Борбордук Азия – Индия” форматындагы диалогду улантуу жана жарандардын кызыкчылыгына багытталган кызматташтыкты тереңдетүү ниетин тастыкташты.