«Борбор Азия-Кытай»: Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу Чэнду шаарында өттү

  • 2 месяца мурун

1-декабрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Чэнду шаарында (КЭР) өткөн «Борбордук Азия-Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин 5-жолугушуусуна катышты.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын май айында Сиань шаарында «Борбордук Азия-Кытай» саммити өткөндөн бери кызматташуунун активдешүүсүн баса белгилеп, Борбордук Азия мамлекеттеринин Кытай менен өз ара аракеттешүү маселелерин талкуулашты.

Борбор Азия мамлекеттеринин жана Кытайдын башчыларынын Сиань жолугушуусунан кийинки өнөктөштүктүн жыйынтыктарын жалпылоо менен тараптар жакынкы мезгилге кызматташтыктын конкреттүү негизги багыттары боюнча кабыл алынган механизмдердин жана платформалардын алкагында келечектеги пландарды белгилешти.

Отурумдун алкагында саясат, соода, айыл чарба, инвестиция тартуу, «жашыл» экономика, энергетика, климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо, транспорт жана бажы тармактарындагы өз ара аракеттешүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташуу, туризм жана жогорку технологиялар, ошондой эле, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана БУУ, ШКУ жана башка уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Тышкы саясат министрликтеринин башчылары 2025-жылы боло турган «Борбордук Азия-Кытай» экинчи саммитинин мазмундук бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өз сөзүндө Борбордук Азия менен Кытай экономикалык өсүш жана өнүгүү үчүн олуттуу потенциалга ээ экендигин баса белгиледи. Ж.Кулубаев биздин аймак байыркы соода жолдорунун кесилишинде жайгашкан жана бүгүнкү ааламдашуу доорунда Борбордук Азиянын транзиттик жана логистикалык түйүн катары ролун жандандырууга мүмкүнчүлүк пайда болот деп белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы «Бир алкак, бир жол» маанилүү бөлүгү катары болууга, соода үчүн жаңы жолдорду ачууга, экономикалык байланыштарды чыңдоого жана адамдардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жыйындын жыйынтыгында тышкы саясат ведомстволорунун башчылары «Борбордук Азия-Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин бешинчи жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты