Борбор Азия – Кытай: Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу Чэнду шаарында өтөт

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 1-декабрда Кытайдын Чэнду шаарында «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин бешинчи жолугушуусу өтөт.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган иш-чарага тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев катышат.

“Жолугушуунун жүрүшүндө аймактык кызматташуу жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы көп вектордуу өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланат. Негизги темалардын бири 2025-жылы Казакстанда өтө турган «Борбордук Азия-Кытай» экинчи саммитине даярдык болот” деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты