Боом капчыгайында жол толугу менен ачылды

Боом капчыгайында бүгүн, 31-июлда, саат 10.02 де жол каттамы эки тараптуу ачылды. Болжол менен 20 -22 миң куб кум-шагыл тазаланды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен 128-129 чакырым аралыгында жана 131 чакырымында эки жерде сел жүрүп, Балыкчы – Бишкек каттамы убактылуу жабылган.

Үзгүлтүксүз тазалоодон улам бир тараптуу ачылган жолдон кезектешип эки тарапка, тактап айтканда, Бишкек – Балык– Нарын жана Балыкчы — Нарын -Бишкек каттамына кезек-кезеги менен автоунаа өткөрүлүп келген.

Табигый кырсык катталган аймакта өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын жана райондук бөлүмдөрүнүн ыкчам топтору, куткаручуулар, адистер жана офицерлер иш алып барды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты