Боом капчыгайында сел жүрүп, жолду кум-шагыл каптады

Чүй облусунун Кемин районунда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жаап калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык. Ал жакка куткаруучулар жана техника тартылды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Сүрөттөр: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты