Болот Темировдун соту: Күбө дагы келген жок

  • 2 года мурун

Бүгүн, 29-августта, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин кароону улантты.

Жыйындын күбө катары суралчу тергөөчү Аман Асанакунов соттук отурумга келбегени белгилүү болду. Ошондой эле кылмыш ишиндеги паспорттун номери менен Болот Темировдун паспортунун номери дал келбегенин адвокаттар сотто билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу милиция кызматкери эмгек өргүүсүндө экенин айтып, сотко келе албай турганын билдирди.

Журналисттин жактоочулары эс алуу укук коргоо органынын кызматкерин сотко катышуудан бошотпой турганын белгилешип, нааразы болушту. Жыйынтыгында сот Акылбек Адимов күбөнү күч менен алып келүү чечимин чыгарды.

Сот залында адвокаттар кылмыш ишиндеги паспорттун номери Темировдун паспортунун номери  менен  айырмаланарын айтышып, Темировдун паспортун жасалмалоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон УКМКнын тергөөчүсү Бекмурза Батыркановду суракка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылышты.

Прокурор УКМКнын тергөөчүсүн суракка алууга каршы чыгып, бул окуяны техникалык ката деп атады.

Болот Темиров «Паспорттун номери такыр башка, техникалык ката бир же эки цифрадан болушу мүмкүн. Бирок бул жерде бардык сандар дал келбей жатат, тергөөчүдөн кантип кылмыш ишин козгогондугун билгибиз келди. Бирок, судья биздин өтүнүчүбүздү четке какты» деди. 

Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иши боюнча түшүндүрмө берген. Маалыматка караганда, ал кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси («Документти жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча шектелүүдө.

19-апрелде Болот Темиров өзүнө дагы үч кылмыш иши козголгонун маалымдап, муну бийликтин басымы катары баалаган жана журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштеген төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармаган. Эртеси күнү экөөнү тең чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон.

Болот Темировдун иши 23-августта каралып, күбө катары сурак берчү тергөөчүлөр келбегенине байланыштуу жылдырылган.

Сүрөттө: Болот Темиров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты