Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды
- 4 месяца мурун
Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары кызматына «Мекенчил-Ынтымак» депутаттык тобу депутат Болот Ибрагимовдун талапкерлигин көрсөттү.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Анын талапкерлигин 53 депутат колдоду.
Буга чейин Карим Ханжеза парламент төрагасынын орун басарлыгы кызматынан өз каалоосу менен бошотулду.
Сүрөттө: Болот Ибрагимов. Kenesh.kg
Муну бөлүшүү




