Болот Ибрагимов Бишкек шаар кеңешинин вице-спикерлигинен бошотулду

  • 1 год мурун

Бишкек шаар кеңешинин сессиясында депутат Болот Ибрагимов вице-спикерлик кызматтан бошотулду. Аны бошотууга 31 депутат макулдук берди.

 Ибрагимовду вице-спикерликтен алууну шаардык кеңештеги «Эмгек» фракциясы сунуштаган.

«Эл үмүтү» фракциясынын лидеринин орун басары Аскар Алмаз уулу белгилегендей, Болот Ибрагимовду вице-спикерликтен алууну ага таарынгандар сунуштады. Себеби алардын фракциясы депутаттарды мыйзамдуулукка чакырган.

«Эл үмүтү» фракциясынын депутаты Болот Ибрагимов социалдык түйүндөрдө кесиптештери уруксат берилбеген жерде тамеки тарткандыгын видеого тартып алган. Ал жерде “Эмгек” фракциясынан бир катар депутаттар болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы мыйзам бузган ар бир депутатка 3 миң сомдон айып пул салган.

Сүрөттө: Болот Ибрагимов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты