Bloomberg: Украинада тынчтыкка жетишүү боюнча Стамбулда үчүнчү жолугушуу өтөт

  • 8 месяцев мурун

Жыл соңунда Стамбул шаарында Украинада тынчтыкка жетишүү боюнча үчүнчү эл аралык жолугушуу өтөт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.

Басылманын маалыматына караганда, жолугушуунун катышуучулары Украинада туруктуу тынчтык орнотуунун жолдорун талкуулайт. Ага түрдүү өлкөлөрдүн, анын ичинде АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери катышат деп күтүлүүдө.

Bloomberg’дин булагы белгилегендей, уюштуруучулар жолугушууда Кытайды да көргүлөрү келүүдө. Бирок азырынча Бээжин өз өкүлүн жиберээр-жибербеси белгисиз.

Орусия буга чейин Данияда жана Сауд Арабиясында өткөн мындай жолугушуулар сыяктуу эле бул жолкусунда да чакырылган жок. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москваны катыштырбаган Сауд Арабиясындагы жолугушууну «антиорусиялык коалиция чогултуу аракети» деп атаган.

Украина менен анын союздаштары Орусиянын агрессиясына карата нейтралдуу позициясын сактап келаткан өлкөлөрдү Москвага каршы чыгууга көндүрүүгө аракет кылууда. Bloomberg белгилегендей, мындай жолугушуулар Бразилия жана Индия өңдүү өлкөлөргө Украинанын позициясын түз түшүндүрүү мүмкүнчүлүгү катары каралып келет.

Стамбулда өтө турган сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде украин президенти Владимир Зеленскийдин «тынчтыктын формуласы» деген аталыш менен белгилүү он пункттан турган планы бар. Анда башка маселелер менен катар орус аскерлерин Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынан чыгаруу, туткундарды бошотуу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк, өзөктүк, энергетикалык жана экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу сунуштары бар.

Украина бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саммит өткөрүп, анын жүрүшүндө украин тараптын талаптарынын негизинде биргелешкен тынчтык демилгесин түзүүгө ниеттенип жатат.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты