Бланар: “Словакиялык бизнестин катышуусу үчүн олуттуу потенциалды көрүп турам”

  • 3 недели мурун

Президент Садыр Жапаров 24-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келген Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланарды кабыл алды. 

Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды.

Мамлекет башчы словакиялык делегациянын Кыргызстанга иш сапары «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин 100 жылдыгын белгилөө менен дал келгенин канааттануу менен белгиледи.

«Кооператив Кыргызстандын өнөр жай базасын өнүктүрүүгө зор салым кошту, анын катышуучуларынын күжүрмөн эмгеги жана ак ниеттүүлүгү эл аралык натыйжалуу кызматташтыктын көрүнүктүү мисалы болуп калды» деди президент.

Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар жылуу кабыл алуу жана мазмундуу жолугушууну жогорку деңгээлде өткөрүү мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы маанилүү окуя жана жалпы тарыхый мурастын бир бөлүгү экенин, анын негизинде биргелешкен келечекти курууга болоорун баса белгиледи.

Министр эки өлкөнүн ортосунда саясий пикир келишпестиктер жок, ачык жана ишенимдүү мамилелер түзүлгөнүн, Словакия Кыргызстан менен өз ара кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи.

«Бишкекке карай жолдо мен масштабдуу өзгөртүүлөргө жана жигердүү курулуштарга күбө болдум, бул өлкөнүн ырааттуу өнүгүүсүн күбөлөндүрүп турат. Ушундан улам мен Кыргызстандын экономикасына словакиялык бизнестин катышуусу үчүн олуттуу потенциалды көрүп турам» , — деп белгиледи Бланар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты