“Бизге келгенде эле шекер түгөнүп…” Парламент экс-төрага макамын кайтармакчы болууда
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 5-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында «Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Бактыбек Сыдыков, Исхак Масалиев, Марлен Маматалиев.
Жыйында баяндама жасаган Улугбек Ормонов белгилегендей, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин экс-төрагасынын статусун аныктоо максатында, ошону менен бирге анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана мамлекет тарабынан кошумча укуктарды аныктоо үчүн даярдалган. Анын айтымында, экс-төрага деген статус жок, бирок айрым жеңилдиктерди берүү керек, экс-төрага үчүн атайын ооруканадан дарылануу, аэропорттордо атайын зал кызматынан пайдалануу ж.б.
Депутаттар Балбак Түлөбаев, Надира Нарматова жок дегенде бир азыраак жеңилдиктерди берүү керек экенин айтышты.
«Өкмөт өзүңөргө келгенде, жакшынакай кылып, бизге келгенде эле шекер түгөнүп, Ленин өлүп калат, андай кылбаңыздар» деди Түлөбаев.
Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин экс-төрагасына жана анын жубайына дипломатиялык паспорт алууга, акысыз медициналык кызмат менен камсыз болууга, аэропорт, темир жолдун расмий делегациялар үчүн бөлүнгөн залдарын акысыз пайдаланууга сунуш берилет. Бул документ мурдагы спикердин социалдык жактан коргоону жана кепилдиктерди камсыз кылары белгиленген. Эгер кайсы бир кылмышка байланыштуу соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде мыйзамдагы кепилдик укуктар токтотулат.
Кыргызстан эгемендик алганы парламентти 21 төрага башкарды. Азыркы спикер — Нурланбек Тургунбек уулу.
Сүрөттө: Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Улукбек Ормонов. kenesh.kg