Бишкектин жаңы мэри Кытай делегациясы менен жолугушту

  • 6 месяцев мурун

Борбор калаанын жаңы дайындалган мэри Айбек Жунушалиев Кытайдын Гуанчжоу шаарынын Эл өкүлдөр жыйынынын Туруктуу комитетинин директору Ван Яньши башында турган Гуанчжоу шаарынын делегациясы менен жолугушту.

Бул тууралуу борбор шаардын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.  

Алар өз ара пайдалуу  кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Бишкек шаарынын мэри социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, шаар куруу, транспорт жана шаар турмушунун башка тармактарында тажрыйба алмашуу жаатында өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Ван Яньши борбордун мэрин Гуанчжоу шаарына келип кетүүгө чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууга жана шаарлар ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.

Бишкек жана Гуанчжоу шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө макулдашууга 2003-жылы 1-декабрда кол коюлган.

Сүрөт: Мэриянын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты