Бишкектин тургуну «Твиттердеги» билдирүүсү үчүн бир жылга түрмөгө кесилди

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту калаанын В.Е. аттуу жашоочусун Twitter соцтармагындагы билдирүүсү үчүн каттал режимдеги түзөтүү колониясына бир жылга эркинен ажыратты.

Бул тууралуу «Азаттыкка» соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл апрелде айыпталуучу мас абалында «кыргыз элин мазактаган» пост жарыялаган. Тергөө «Раса, улут, дин жана аймак аралык ажырымды козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Соттук эксперттин 27-майдагы бүтүмүндө В.Е. аттуу жарандын жазганы белгилүү бир улутка карата негативдүү жана мазактоочу мүнөзгө ээ экени, кыргыз элин басмырлаганы, терс эмоционалдуу баа берилгени жазылган.

Сот жыйынында аял өз күнөөсүн мойнуна алып, эркинен ажыратууга байланышпаган жаза берүүнү сураган. Күнөөсүн мойнуна алганына карабай, судья анын жазганы «улут аралык жаңжалга» алып келиши мүмкүн болгон деген айып менен түрмөгө кескен.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты