Бишкектин Токомбаев проспектиси менен Байтик баатыр көчө кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилиши автоунаа кыймылы үчүн ачылды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Ошол эле учурда, жол чийиндери аба ырайы ачылгандан кийин түшүрүлөрүн маалымдады.

Аталган кесилиште бардык жол белгилери орнотулган.

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын бардык катышуучуларын ылдамдыкты сактоого, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууга жана жолдун бул тилкесинде өзгөчө этият болууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты